Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзбек тараптын чакыруусу менен Өзбекстан Республикасына жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагында минкабдын башчысы өлкөнүн ар кыл аймактарында жайгашкан бир катар өнөр жай жана илимий-техникалык ишканалардын иши менен таанышууну пландаштырууда.
Мындан тышкары Өзбекстандын жогорку жетекчилиги менен бир катар жолугушуулар пландаштырылган.
Акылбек Жапаров ошондой эле Өзбекстандын Жизак районунун Манас айылында жашаган этностук кыргыздар менен да жолугушууну көздөп жатат.