Акылбек Жапаров UzAuto Motors заводундагы өндүрүш процесси менен таанышты

Акылбек Жапаров UzAuto Motors заводундагы өндүрүш процесси менен таанышты

Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Асака шаарындагы (Анжиян облусу) UzAuto Motors заводундагы өндүрүш процесси менен таанышты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Өндүрүш менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров Асака шаарындагы автозавод инвестиция тартуунун жана өндүрүш процессин эффективдүү уюштуруунун жакшы үлгүсү экендигин белгиледи.

«Эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүнүн алкагында өнөр жай кооперациясын жайгаруу зарыл. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Мындан ары түзүлгөн келишимдерди жакын арада ишке ашыруу максатында UzAuto Motors заводу менен өз ара пайдалуу кызматташуунун темпин жогорулатуу гана керек», — деп белгиледи ал.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери