Айыл чарба тармагын өнүктүрүүдө насыя берүү маанилүү. Ошондуктан бул ишти алып барууда «Айыл банк» жана «РСК банк» жооптуу. Бул тууралуу «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорунун ишке ашырылышы боюнча жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев билдирди.
Минкаб башчысынын орун басары бөлүнгөн каражаттар өз убагында максаттуу жумшалышына тиешелүү банктар жооптуу экенин кошумчалады.
«Бул тармакты өнүктүрүү үчүн быйыл дагы 7 кластер кошулуп жатат жана ал дагы кошумча каражат. Буга түздөн-түз «Айыл банк» жана «РСК банк» жооптуусуңар. Дыйкандар быйыл эмне эгээрин Айыл чарба министрлиги сиздер алдын ала айтып турушуңуздар керек. Ошондо ишкерлер экспортко чыгууда жана жергиликтүү жарандарды азык-түлүк менен камсыздоодо маселелер жаралбайт», — деди Төрөбаев.
Төрөбаев белгилегендей, кластердик системанын принцибинде иштеген ишканалар өз тармагында лидер болуп калат жана мындай өзүн-өзү камсыздоонун пайыздык көрсөткүчтөрү 100% чыгаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.