Президент Садыр Жапаров айыл чарба министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров айыл чарба министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековду кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Министрл учурдагы иштери жана кезектеги жазгы талаа өнөктүгүн өткөрүү боюнча пландар тууралуу маалымат берилди. 

Аскарбек Жаныбековдун отчету боюнча 2022-жылдын жыйынтыгы менен агро өнөр жай тармагындагы дүң продукциянын өсүшү 2021-жылга салыштырмалуу 7% ашык болду. 

Дыйкандарга сертификацияланган үрөндөрдү таратуу жана аларды минералдык жер семирткичтер менен камсыздоо боюнча жетиштүү иштер аткарылган. 

Күйүүчү-майлоочу материалдардын жетиштүү запасы топтолуп, дыйкандарга арзандатылган баада сатылууда. Лизингге берилчү айыл чарба техникасынын санынын көбөйүшү күтүлүүдө. Сугат каналдарын тазалоо жана оңдоо боюнча ирригациялык иштер башталды, анын эсебинен нымдын королушун азайтуу жана ошого жараша сугат талааларын сугаруунун көлөмүн көбөйтүү пландаштырылууда. 

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери