«Манас» аэропортунун аэробекеттик комплексинде жүргүнчүлөрдү бажылык көзөмөлгө алуунун алкагында бажы мыйзамдарын бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 23-февралында саат болжол менен саат 03:00 Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен келе жаткан «Turkish airlines» авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрү бажы көзөмөлүнүн аймагынан өтүп бара жатканда Өзбекстандын эки жараны «К.С.Ш.» жана «Т.С.А.» жалпы салмагы 1 кг алтын зер буюмдарын бажы көзөмөлүнөн жашыруу фактысы боюнча кармалган.
Кармалган алтын зер буюмдардын орточо базар баасы 4.2 млн сомду түзгөн. Мамлекетке жалпысынан 950 миң сом зыян келтирилген.