Ысык-Көл районунун Корумду айылында 2022-жылдын күздөн бери жогорку сапаттагы кыям жана козу карындарды чыгаруучу цех иштеп жатат. Бул тууралуу Улуу Британиянын элчилиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Кыял Саткангулова жолдошу менен Улуу Британиянын өкмөтү тарабынан каржыланган Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо программасы Рeak тарабынан уюштурулган 7 тема боюнча интенсивдүү тренингден кийин бизнес ачышты.
Ачылгандан бери 8 тонна продукция өндүрүлүп, Бишкекке, Ысык-Көлгө сатылып, Орусия, Казакстанга экспорттолот. Мындан тышкары, Кыял жергиликтүү тургундарга мөмө-жемиштердин уруктарын жана бадалдарын таратып, андан кийин мөмө-жемиштерди сатып алат.
«Бизнес ачуу үчүн биринчиден билим керек, андан кийин гана акча керек. PEAK программасынын алкагында мен бизнести баштоо жана башкаруу, каржылык пландоо жана тобокелдиктерди баалоо боюнча көндүмдөрдү алдым», — дейт Саткангулова.