Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын КРдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор талкууланды.
Атап айтканда, Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1 500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү.
Ал кыргыз жана кытай тараптын бул маселени сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Талкуу алкагында борбор калаада аталган транспортту кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу идеялары айтылды.