2022-жылы 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктаган

2022-жылы 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктаган

2022-жылды 33 мамлекеттик ишкана киреше менен, 12 мамлекеттик ишкана чыгаша менен аяктаган. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Мекененин маалыматына ылайык, ишканалардын жалпы таза кирешеси 2.3 млрд сомду түздү.

Ошондой эле, өкмөт «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул токтом менен мамлекеттик ишканаларды 2022-2025-жылдар аралыгындагы бардык таза кирешесин материалдык-техникалык базаны жаңылоого багыттоо чечими кабыл алынды.

Кабыл алынган токтом мамлекеттик ишканаларга өнүгүү пландарын ишке ашыруу учун зарыл болгон жабдууларды жана машиналарды сатып алууга мүмкүндүк берет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери