«Золотая корона» системасы «Альфа-Банк», «Сбербанк» жана «Тинькофф банк» карталарынан которууларды токтотту. Компания чет өлкөдөлөргө төлөмдөрдү жүргүзгөн жана санкциялык режимди бузууга даяр эмес өнөктөштөрдүн талаптарын аткарат. Бул тууралуу «РБК» басылмасы акча которуу системасынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен билдирди.
Басылманын маалыматы боюнча, башка өлкөлөрдүн санкциялык режимин бузуу коркунучунан улам «Золотая корона» бир катар орусиялык банктардын карталарынан эл аралык которууларды жүргүзө албайт.
Эске салсак, «Альфа-Банк», «Сбербанк» жана «Тинькофф» Украинадагы согуштан улам санкцияга кабылган. Тизмеде дагы 20га жакын орус каржы институттары бар.
Кошумчалай кетсек, Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар тапкан акчасын «Золотой корона» системасы аркылуу мекенине которушат.