Талас райондук Жалпы медициналык практика борбордогу медицина кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй жаткан. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын январь айынан тарта Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун кызматкерлерине эмгекке катышуу коэффициенти (ЭКТ) түрүндөгү эмгек акысына кошумча акы төлөнбөй келгени аныкталган, себебин медициналык кызматкерлердин негизги эмгек акысына коэффициент кошулган деп билдиришкен.
«Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Талас районунун Жалпы дарыгердик практика борборунун жооптуу адамдары кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, административдик-башкаруучу персоналга жана бухгалтерияга негизсиз түрдө эмгек акы фондунун үнөмдөлгөн каражаттарынан эмгек акы өндүрүп жүрүшкөнү аныкталды», — деп УКМК белгиледи.
Жалпысынан 2020-2021-жылдар аралыгында мамлекетке 2.1 млн сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө айыпталуучулар тарабынан келтирилген зыяндын орду толук толтурулган.
Кылмыш иши тергөөнүн аякташы менен кароо үчүн сотко жиберилет.