Nestle компаниясы Кыргызстанда бөтөлкөдөгү сууну чыгарууга кызыкдар

Nestle компаниясы Кыргызстанда бөтөлкөдөгү сууну чыгарууга кызыкдар

2023-жылдын 3-мартында Швейцарияда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Nestle компаниясынын улук вице-президенти Питер Свенссон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Кулубаев өлкөнүн экспорттук потенциалы жана экологиялык жактан таза жана органикалык айыл чарба продукциясын өндүрүү жана экспорттоо боюнча колдо болгон мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат берди.

Кыргызстандын олуттуу суу ресурстарын, ошондой эле бөтөлкөдөгү таза жана минералдык сууга дүйнөдө суроо-талаптын өсүп жатканын эске алуу менен, бул багытта кызматташууну түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Свенссон экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жана өндүрүш потенциалы менен таанышуу максатында Кыргызстанга иш сапары тууралуу макулдашууга жетишилди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери