Бажы кызматы 2023-жылдын февраль айында республикалык бюджетке 6.4 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсүн камсыз кылды. Бул тууралуу бажынын маалымат кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылы белгиленген февраль айынын пландык көрсөткүчтөрү 1.4%га аткарылган же 88 млн сомго ашыкча чогултулган.
ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алымдар боюнча белгиленген болжол 84.4%га же 291.3 млн сомго аз аткарылган.