Екатеринбургдун ишкерлери үчүн Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын презентациясы өттү

Екатеринбургдун ишкерлери үчүн Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын презентациясы өттү

Екатеринбургдун ишкерлери үчүн Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын презентациясы өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ыйлайык, 2023-жылдын 3-мартында КРнын Екатеринбургдагы Башкы консулдугу, ТИМдин Экономикалык дипломатия департаментинин жана Свердлов облусунун чакан жана орто бизнес союзунун колдоосу менен «КР жеңил өнөр жайы» темасында тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдун алкагында Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын презентациясы болуп, жолугушуунун катышуучуларына Кыргызстандын тигүү жана текстиль ишканаларынын өндүрүштүк жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылды, ошондой эле инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттар, бизнес жүргүзүү, жаңы өнөр жай – индустриалык аймактарда салык салуу, анын ичинде «Бишкек» ЭЭАда тууралуу маалымат берилди.

Жолугушууда кыргыз жана россиялык компаниялардын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланып, Башкы консулдук жана Свердлов облусунун чакан жана орто бизнес союзу Урал ишкерлеринин Кыргыз Республикасына бизнес миссиясын уюштурууну сунушташты.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Екатеринбургдун ишкерлери үчүн Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын презентациясы өттү 6 марта 2023 г.    11:20
Nestle компаниясы Кыргызстанда бөтөлкөдөгү сууну чыгарууга кызыкдар 6 марта 2023 г.    10:55
Транспорттук жеткирүүлөрдүн кымбатчылыгы кыргыз кийим чыгаруучулардын товарларын Монголияга жеткирууге мумкундук бербейт 6 марта 2023 г.    10:30
«Золотая корона» россиялык үч ири банкынын карталарынан которууларды токтотту 6 марта 2023 г.    10:10
Акылбек Жапаров: Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок 6 марта 2023 г.    9:50
Садыр Жапаров Made in Kyrgyzstan улуттук брендин түзүүнү тапшырды 3 марта 2023 г.    15:16
Кыргызстанда эки айда 35.9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду 3 марта 2023 г.    14:30
2023-жылдын башынан бери пенсиялар 11.8 млрд сомго каржыланды 3 марта 2023 г.    13:45
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери