Акылбек Жапаров: Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок

Акылбек Жапаров: Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок

Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров минкабдын отурумунда билдирди.

Анын айтымында, контролдук-кассалык машиналар ишке киргизилгенден тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди көрсөтүп турат.

«Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок. Болгону, ишкерлер учурдагы мыйзамдарга ылайык, контролдук-кассалык машиналарды орнотуп, ал аркылуу иштөөсүн суранабыз. Контролдук-кассалык машиналар ишке киргизилгенден тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди айгинелейт. Бизнес ар кандай «күңүрт», же көмүскө схемаларды колдонбостон, ачык-айкын жана чынчыл иштеши керек», — деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, буга чейин бир топ финансылык каражаттар мамлекеттик казынага түшпөй келген.

«Азыр салык чогултуу кыйла жакшырды. Биз фискалдык системаны мындан ары да жакшыртууну улантабыз. Дал ушул каражаттарга жолдор жана көпүрөлөр, жаңы социалдык объектилер курулуп, пенсия менен социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлүп, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйүүдө. Ар бирибиз, анын ичинде ишкерлер да салыктык чегерүү жана бажы төлөмдөрү түрүндө түшкөн каражаттар кандай максаттарга жумшалып жатканын так түшүнүүбүз керек”,- деди министрлер кабинетинин башчысы.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери