Бишкектин Ак-Босого, Арча-Бешик, Бакай-Ата, Калыс-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарын өнүктүрүүнүн техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу долбоорун ишке киргизүү боюнча талкуу өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор Ленин, Свердлов жана Октябрь райондорунун бирден конушунун аянтын, ошондой эле Биринчи май районунун эки конушун камтыйт.
КМКТжА университетинин командасы жана БУУ ЕЭК (UNECE) көз карандысыз консультанттар тарабынан даярдалган изилдөө көрсөтүлүп, ал учурдагы долбоордун негизи болду.