Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) улуттук брендин түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле президент «Бир айыл — бир продукт» Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» жарлыкка кол койду. БАБП өлкөнүн региондорун өнүктүрүү максатында Японияда иштелип чыккан жана ал калктын бакубаттуулугун жогорулатууга олуттуу салым кошкон.