Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкектин Аламүдүн базарындагы социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Бул иш-чаранын жүрүшүндө социалдык мааниге ээ товарларга баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө, ошондой эле КР «Атаандаштык жөнүндө», «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» жана «Атаандаштык жөнүндө» мыйзамдарынын ченемдерин сактоо боюнча ишкердик субъекттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Өзгөчө майлардын, эт, ундун жана шекердин өздүк наркына көңүл бурулду. Ишкерлердин айтымында, келишим боюнча товарлар үзгүлтүксүз алынып келинип, азык-түлүк тартыштыгы аныкталга жок.
Учурда ишкерлердин айтымында, унга, кум шекерге ж.б. товарларга болгон баалардын төмөндөгөнү байкалууда.