Кыргызстанда эки айда 35.9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Кыргызстанда эки айда 35.9 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-февраль айларында 35 млрд 951.9 млн сом салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Белгиленген план 455.4 млн сомго ашыгы менен аткарылды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3.2 млрд сомго көп жыйналган.

Анын ичинде 26 млрд 526.6 млн сом салык жана төлөмдөр, 9 млрд 425,3 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери