Борбор калаада электромобилдерди кубаттоочу станциялар ачылды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.
Маалымат боюнча, станция Исанов көчөсүндөгү «79» бизнес-үборборунун аймагына Evox ишканасынан эки электр кубаттоочу жай орнотулду.
Бул экодолбоор Биринчи май районунун акимиаты менен бизнес-борбордун администрациясынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын аркасында ишке ашырылды.
Мэрия инвесторлорду, ишкерлерди экологиялык кырдаалдын шарттарын жакшыртуу үчүн биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана кызматташууга чакырат.
Толук маалыматты төмөнкү дарек боюнча алууга болот: Жибек Жолу көч., 348, Биринчи май районунун муниципалдык администрациясынын имараты, маалымат үчүн телефон: +996 (312) 661 537.