Түркияда зилзаладан жабыр тарткан жарандары үчүн ачылган атайын эсеп 88.5 млн сомго толукталды. 2023-жылдын 2-мартына саат 09.00го ыкчам маалыматты Финансы министрлиги билдирди.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.
Банк: «Айыл Банк» ААК
ИНН: 01803199710084
БИК: 135001
ОКПО: 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – «Учурдагы жардам».