Минкаб АӨБ өкүлдөрү менен жолугушту

Минкаб АӨБ өкүлдөрү менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары  Адылбек Касымалиев Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) директорлор кеңешинин өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Касымалиев өкмөттүк программада – КР 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында чагылдырылган негизги максаттарга токтолуп, АӨБ менен мүмкүн болуучу кызматташуунун негизги багыттарына токтолду.

Соңунда министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары энергиянын кайра жаралуучу булактары, чакан ГЭСтерди куруу жана «жашыл» күн тартиби жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууну артыкчылыктуу багыт катары белгилеп, Азия өнүктүрүү банкына КР социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүдө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери