Министрлер кабинети 2023-жылдын сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарга акциз салыгынын ставкасы он эсеге азайтылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
Алсак, акциз салыгынын ставкасы 2023-жылдын 1-январынан 31- декабрына чейин 1 литр үчүн 20 сомдун ордуна 2 сомду түзөт. 2024-жылдын 1-январынан баштап бул сумма 30 сомдун ордуна 3 сом болот.
Мындан тышкары, 2024-жылдын 1-январынан тартып сергитүүчү (энергетикалык) алкоголсуз суусундуктарды милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет.
Белгилей кетсек, алкоголсуз суусундуктарды маркалоо – бул товардын келип чыгышынын мыйзамдуулугун тастыктоочу натыйжалуу механизми жана калкты контрафакттык продукциядан коргоого багытталган.