Кыргызстанда чехиялык ишкана таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар

Кыргызстанда чехиялык ишкана таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарында таштандыларды кайра иштетүүчү завод курууга кызыкдар болгон чехиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Жыйынга шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров да катышып, чехиялык компаниялардын тобу консорциум түзүп, анын ммилдетине техника-экономикалык негиздемеден тартып, долбоорлоо жана тейлөөгө чейинки ишкананы түзүү боюнча иштердин жыйындысы кире тургандыгы айтылды.  

Өз кезегинде министрлер кабинетинин башчысы долбоорду ишке ашырууга мамлекет тарабынан ар тараптуу жардам берилерин баса белгилеп, бул долбоордун маанилүүлүгүн белгиледи.


Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери