Кыргызстан «Миграциядагы аял жүзү» эл аралык форумуна катышты

Кыргызстан «Миграциядагы аял жүзү» эл аралык форумуна катышты

Кыргыззстандыктар Екатеринбургда өткөн «Миграциядагы аял жүзү» эл аралык форумуна катышты. Бул тууралуу ТИК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-мартында Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун жана Свердлов облусунун өкмөтүнүн колдоосу менен эл аралык форуму өттү.

Кезектеги форумдун алкагында ишкер аялдардын эл аралык кооперация маселелери жана миграцияга чейинки даярдыктары талкууланды.

Ошол эле күнү кыргыз делегациясынын Свердлов облусунун губернаторунун орун басары В. В. Козлов менен жолугушусу өтүп, учурдагы региондор аралык байланыштар, маданий-гуманитардык, билим берүү жана башка тармактардагы өз ара аракеттер талкууланды.

Өзгөчө кыргызстандыктардын региондогу эмгек миграциясында жүргөн абалына көңүл бурулду. Мындан тышкары, облустун медициналык, жогорку окуу жайлары менен жана социалдык мекемелеринде бир катар жолугушуусун пландаштырылууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери