Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен фондун ишке ашырууга даярданып жатышат

Кыргызстан менен Азербайжан биргелешкен фондун ишке ашырууга даярданып жатышат

КР менен Азербайжан биргелешкен фондун ишке ашырууга даярданып жатышат. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолукту. Тараптар Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондун ишке ашырууда зарыл болгон ички жол-жоболор аяктагандыгына байланыштуу, жакынкы аралыкта фондду практикалык жактан баштоо пландарын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар үстүбүздөгү жылдын июнь айында Бишкекте кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштурууну макулдашты, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин катышуусунда кыргыз-азербайжан бизнес форумун өткөрүү ниетин билдиришти.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери