«Евразия сактык банкты» Kaspi bank жана Сбербанктай санариптик банкка трансформацияланат

«Евразия сактык банкты» Kaspi bank жана Сбербанктай санариптик банкка трансформацияланат

«Евразия сактык банкты» Kaspi bank жана Сбербанктай санариптик банкка трансформацияланат. Бул тууралуу банктын ишмердиги менен таанышып жатып минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров  жарыялады.

Эскертсек, банкта болгон көчмө жыйында банк секторунда санариптештирүүнү өнүктүрүү санариптик экономикада негизги мааниге ээ экендиги айтылды.

«Биздин рынокто азыркыга чейин чыныгы санариптик банк жок. Банктын Санариптик өнүктүрүү министрлигине өтүшүнүн себептеринин бири банктын санариптик банкка айланышы болду. Ошондой эле банктын өнүгүү перспективаларына жана Кыргызстандын банк секторуна жаңы технологияларды киргизүү зарыл», — деди Жапаров.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери