Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын премьер-министринин орун басары Али Ахмедов менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 2022-жылдын август айында Баку шаарында өткөрүлгөн кыргыз-азербайжан Өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун Протоколунун аткарылышын талкуулашты.
Ошондой эле, жолугушууда эки өлкөнүн лидерлеринин 2022-жылы Азербайжанга жана КР болгон иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар мамлекет башчыларынын сапарларынын жыйынтыктары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүү үчүн жаңы келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгилешти.