Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев азербайжандык ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстандын инвестициялык потенциалы менен кененирээк Улуттук инвестициялык агенттиктин директору Умбриэль Темиралиев тематикалык презентация өткөрдү.
CTC Holding компаниясы күндөн жана шамалдан электр энергиясын өндүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Ошондой эле, эмерек чыгаруучу ири компаниялардын бири Greenwood КР рыногуна чыгууга жана эмерек өндүрүшүн ачуу мүмкүнчүлүгүнө кызыкдар экенин көрсөттү.
Мындан тышкары, ири логистикалык компаниялардын бири Kamran Habibov компаниясы «Кыргыз почтасы» жана Нарын облусунун эркин экономикалык аймагы менен кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.
Жаңы технологияларды колдонуу менен күнөсканаларды курган PHOENIX компаниясы дагы кыргызстандык ишкерлер менен байланышты кеңейтүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.