Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Азербайжандын AZAL авиакомпаниясынын жетекчиси Жахангир Аскеров менен жолукту. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аба каттамдары жаатында эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Анда негизинен эки мамлекеттин борборлорунун ортосунда түз авиакаттамдарды жана аба аркылуу жүк ташууларын ачуунун келечеги каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар маселенин техникалык параметрлерин кеңири талкуулоо үчүн жакынкы аралыкта эки өлкөнүн эксперттик топторунун жолугушуусун уюштурууну макулдашты.