Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баардык кызмат көрсөтүүлөрдө Face ID аркылуу идентификацияны киргизүүнүн зарылдыгын айтты. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдө эле эмес, банктарда, нотариустарда жана ооруканалардагы кызмат көрсөтүүдө жарандардын өздүгүн аныктоо үчүн биометрикалык идентификацияны (Face ID) киргизүү зарыл.
Эске салсак, азыр Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишмердүүлүгү боюнча өкмөттүк жыйын өтүүдө.