Садыр Жапаров «Каракол» аэропортун модернизациялоо менен таанышты

Садыр Жапаров «Каракол» аэропортун модернизациялоо менен таанышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо жана «Каракол» эл аралык аэропортун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, «Каракол» аэропортун модернизациялоонун алкагында бүгүнкү күндө аэровокзалдын жаңы имаратынын пайдубалын түптөө боюнча жер казуу иштери аяктады жана бетон куюу иштери аткарылды.

Кийинки этапта түпкүрүн кайра толтуруу иштери жүргүзүлөт. Учактарды түнкү кабыл алуу үчүн жарык берүүчү жабдуулар менен жабдуу пландаштырылууда. 

Жүргүнчүлөрдү эл аралык авиаташууларда кеңири колдонулуучу орто аралыктагы учактарды кабыл алууга мүмкүндүк берүү үчүн учуп-конуу тилкесин узартуу маселеси иштелип жатат. 

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери