Ошто 4 айдын ичинде Өзбекстандан алынып келинген автобустардын 16% бузулду

Ошто 4 айдын ичинде Өзбекстандан алынып келинген автобустардын 16% бузулду

Ошто Өзбекстандан алынып келинген 50 даана автобустун сегизи бузулду. Алар былтыр октябрь айында келген. Бул тууралуу T-Media порталы билдирди

Маалыматка ылайык, мэрия алардын ар бирин $37 миң сатып алган. Автобустардын сегизи тең ар кайсыл жеринен бузулган. Ош мэриясына караштуу «Автоунаа» муниципалдык ишканасынын инженери Ырысбек Жээналиевдин сөзүнө караганда, автобустарды оңдоо үчүн өзбекстандык компанияга билдирүү жөнөтүшкөн. Алар жооп беришсе, ушул жума оңдолуп, каттамдарга чыга баштайт.

«Эки-үч автобустун компрессорлорунун катырылган жерлериндеги болттору сынып кеткен. Ташкенттеги 40 автобустун өкүлдөрү менен байланыштык. Алар жакынкы күндөрү келип оңдоп беришмей болду. Ташкенттеги өкүлдөр келсе, автобустардын баары оңдолуп ишке чыгат», -дейт Жээналиев.

Өзбекстандык компания автобустарга эки жылдык кепилдик берген. Эгер автоунаанын бузулган тетиктери $50 кымбат болсо, чыгарган компания төлөп берет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери