УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Ноокен районунда жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүү боюнча туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер тилкелерин алуу үчүн мурда алынган акча каражаттардын бир бөлүгүн кайтарып берүү учурунда Ноокен айылдык кеңешинин депутаттары Б.Г.А. жана О.Э.К. кармалды.
«Мындан тышкары, Ноокен айыл өкмөтүнүн имаратында жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жер тилкелерди бөлүп берүү боюнча 300дөн ашык жасалма токтомдор табылып алынды», — деп УКМК белгиледи.
Такталган боюнча, кармалган адамдар, Ноокен айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, «жайыт» категориясына таандык жер тилкелерин жасалма документтерди жасоо жолу менен 100 миң сомдон 180 миң сомго чейин сатып жибергени аныкталган. Ошол эле учурда аталган кылмыштуу топ, 2022-жылдын 17-мартындагы «Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жер тилкелерин легалдаштыруу жол-жоболорун жашыруу максатында жүргүзгөн анда жер амнистиясы каралган.