Кытай өкмөтүнүн $34 млн грантына Бишкекте төрт чоң жол өтмөк курулат. Бул тууралуу 1-мартта борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, курулуш иштери 2023-жылы башталып, жылдын аягына чейин эки жол алмашууну бүтүрүү пландалууда. Алар төмөнкү жол кесилиштерде курулат:
- Л.Толстой — Фучик көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук түйүн;
- Л.Толстой көчөсү аркылуу Ч.Айтматов жана Сүйүмбаев көчөлөрүндө эстакадалык өтмөктөр;
- Л.Толстой — Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишиндеги транспорт түйүнү;
- Анкара — 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдеги транспорттук жана эстакадалык көпүрө;
- Чүй проспектиси – Фучик көчөсүнүн кесилишиндеги эки кабаттуу транспорттук түйүн.
«Өткөн жумада мен Кытайдын элчиси менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм. Подрядчылар март айында келишет, кытайлыктар тендер өткөрүшүүдө. Бул жол түйүндөр чоң курулуштар болгондуктан, май куюучу жайларды жана соода жайларын бузууга туура келет», — деди мэр.