Бишкекте санитардык тазалоо боюнча бирдиктүү оператор түзүлөт. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров мэрлик кызматтагы бир жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, долбоорго $45 млн керек. Аны ишке ашыруу боюнча Чехиянын Re Green s.r.o компаниясы менен макулдашууга жетишилди.
Бул маселе боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусу болду. Демилге Жапаров тарабынан колдоого алынды.