QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү жана которууларды өнүктүрүү аралыкта жайгашкан түзүлүштөргө, товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөмдөрдүн ылдамдыгына кеткен чыгашаларды кыйла кыскарта алат.
QR-коду бир дагы стандарттарга ылайык келгендиги маанилүү. Муну ишке ашыруу үчүн, Кыргызстанда QR-кодунун улуттук стандарты иштелип чыгып жана бекитилген. QR-код деген эмне жана экономикалык системада кандайча иштейт деген суроолорду Economist Улуттук банктын адистери менен талкуулады.
QR-код белгилүү бир бирдиктүү стандарттарга туура келиши маанилүү, бул ар кандай төлөм системаларынын QR-коддорунун операциялык айкалышын камсыз кылат. Бул максатта Кыргыз Республикасында финансылык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн QR-коддун улуттук стандарты иштелип чыккан жана бекитилген, пайдалануу эрежелери иштелип чыккан. Бул төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн ар кандай төлөм системаларынын QR-коддорун колдонгон төлөөчүлөр үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында жасалган. КР өз ара иш алып баруунун биринчи оператору Улуттук банк тарабынан 2020-жылы, экинчиси 2022-жылы катталган.
Жөнөкөй тил менен айтканда QR-код деген эмне?
Бул белгилүү бир тамга жана цифра түрүндө маалымат катылган эки өлчөмдүү ак-кара түстөгү сүрөт, бул интернет сайттарына жана башка тейлөөлөргө дарек шилтемелерин түзүүгө мүмкүндүк берет. Аталышындагы QR баш тамгалары Quick Response, башкача айтканда, «тез жооп» дегенди билдирет. Аты айтып тургандай, смартфонуңуз анда катылган маалыматты бир секунддун ичинде окуп, товар же кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө шилтемесине мүмкүнчүлүк берет.
QR-кодду пайдалануу менен төлөмдөрдү кабыл алуу
Төлөмдөр үчүн колдонулган QR-код бул төлөм жүргүзүү үчүн керектүү маалыматты шифрлеген эки өлчөмдүү штрих-код.
QR-код смартфонго орнотулган банктын же төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун тиркемеси (анда төлөм QR-кодун колдонуу менен ишке ашырылган) смартфондун камерасын каратканда окулат. QR-коддон маалымат дароо окулуп, мобилдик тиркеме төлөм үчүн төлөм өткөрүүгө бардык керектүү реквизиттерди алат.
Учурда соода жана тейлөө ишканаларында төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн статикалык жана динамикалык QR-коддорун байкоого болот.
Биринчилери код түзүлгөндөн кийин түзөтүү киргизүүгө мүмкүн болбогон маалыматты камтыйт. Статикалык QR-код кайра колдонууга болот (көбүнчө соода жана тейлөө ишканасынын кассасында жайгаштырылат) жана сатуучунун бардык негизги төлөм реквизиттерин камтыйт, бирок дайыма эле которуунун суммасын камтыбайт – бул учурда сатып алуучу аны өзү киргизиши зарыл.
Динамикалык QR-код болгон учурда, маалымат түзүлгөндөн кийин жаңыртылып, редакцияланып жана өзгөртүлүшү мүмкүн. Динамикалык QR-код сөзсүз түрдө уникалдуу төлөм кодун, алуучунун реквизиттерин жана сатып алуу суммасын камтыйт, анткени ал ар бир конкреттүү сатып алуу үчүн түзүлөт жана белгилүү бир мөөнөтү болот. Динамикалык QR-кодду колдонуп төлөм өткөргөндөн кийин, ал жараксыз болуп калат. Бул айырмачылыктар сатуучуга да, сатып алуучуга да кошумча ыңгайлуулуктарды алып келет.
QR-код менен төлөөнүн кандай ыңгайлуулуктары жана артыкчылыктары бар?
QR-код колдонуу менен төлөө үчүн төмөнкү артыкчылыктарды белгилөөгө болот:
- пайдалуу. Сатуучуга төлөмдү кабыл алуу үчүн кошумча жабдуу сатып алуу талап кылынбайт.
- ыңгайлуу. Бул артыкчылык бүгүнкү күндө өлкө калкынын басымдуу бөлүгү мобилдик түзүлүштөрдү (смартфондорду) колдонуусунан улам келип чыгат. Алсак, смартфондун жардамы менен (банк картасын же накталай акчаны колдонбостон) биз дүкөндөрдө сатып алуулар үчүн же кызматтар үчүн төлөй алабыз. Ошондой эле, сатып алуучу өзүнүн эсептеринин кайсынысынан төлөм жүргүзүлөрүн өз алдынча тандай алат. Сиз туруктуу чыгаруу эсебин орното аласыз же сатып алуу учурунда анын бирин тандай аласыз. Башкача айтканда, банк картасына же электрондук капчыкка кирүү үчүн смартфонуңузга банктын же төлөм уюмунун мобилдик тиркемесин жүктөп алсаңыз болот.
- ылдам. Сатып алуучу төлөмдү ырастагандан кийин, акча бир нече секунддун ичинде сатуучунун эсебине түшөт. Банк картасы менен төлөнгөн төлөмдөр эсепке бир топ кечирээк, адатта, бир нече күн ичинде түшөт. QR-коддор менен төлөө бир нече секундду талап кылат. Ал төлөнө турган сумманы киргизүү кадамы менен аткарылса дагы, ал көп убакытты талап кылбайт.
- жеңил. Жогоруда айтылгандай, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн атайын жабдууларды колдонуу зарыл эмес. Сиз жөн гана банк же төлөм уюму сатуучу үчүн түзүп берген QR-кодду кассага чаптап койсоңуз болот.
- сатып алуучулар үчүн ыңгайлуу. Төлөө үчүн кардарга банк картасынын же байланышсыз төлөм функциясы бар телефондун кереги жок. Анын смартфонуна төлөм тиркемеси жүктөлүп жана камера туташуусу гана жетиштүү. Телефон QR-кодду дароо окуйт, акча которуу бир нече секунд ичинде ишке ашат. Кошумчалай кетсек, QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн смартфондо NFC-чиптин болушу сыяктуу атайын талаптар жок. Android же iOS операциялык системалары менен иштеген дээрлик бардык смартфондорго QR-коддорун колдогон төлөм тиркемесин жүктөй аласыз.
- коопсуздук. Ал тургай, кара ниеттик менен акчаңызга ээ болууну каалагандар телефонуңузду ачкан күндө да, банк тиркемесинин сыр сөзүн табышы керек.
QR-коддун жардамы менен төлөө процесси кандай иштейт?
QR-кодду колдонуу менен сатып алуулар же кызматтар үчүн төлөө процесси абдан жөнөкөй. Телефонго кайсы тиркемени жүктөсөңүз да, иш-аракеттердин алгоритми окшош болот.
Эң алгач, смартфонго акысыз мобилдик тиркемени жүктөп алуу жана орнотуу керек. Андан кийин ага бир же бир нече төлөм карталарын, же болбосо электрондук капчыкты «байланыштыруу» зарыл.
Дүкөндөрдө товарга төлөп жатканда сатуучу тарапта QR-код болот. Ал сатуучунун эсеби жөнүндө маалыматты камтыган статикалык код болушу, же болбосо транзакция жөнүндө маалыматты камтыган динамикалык код болушу ыктымал. Статикалык QR-кодду кагазга басып чыгарып, кассанын жанына орнотуп же чаптап койсо болот.
Сатып алуучу смартфондогу төлөм тиркемесинин жардамы менен ошол кодду сканерден өткөрөт, код сканерден өтөрү менен экранда акча которууну алуучунун маалыматтары пайда болот. Андан кийин сатып алуучу сатып алуу суммасын киргизет дагы төлөөнү тастыктайт. Ал эми динамикалык QR-код иштелип чыгып, экранда мисалы кассада пайда болот. Бул учурда сатып алуу суммасы пайда болгон QR-коддо камтылат, мында кардар болгону кодду сканерден өткөрүп төлөөнү тастыктайт.
Улуттук банк кандай иш-чараларды жүргүзүп жатат?
2022-жылда Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК менен биргеликте QR-кодду колдонуу менен төлөө ыкмаларын өнүктүрүү максатында, Эки өлчөмдүү штрихкод белгилерин колдонуу менен мамлекеттик жана башка төлөмдөргө жана которууларга төлөө ыкмаларын өнүктүрүү боюнча жол картасына кол коюшкан.
Ар башка төлөм системаларын өз ара интеграциялоону камсыз кылуу жана QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды ишке ашыруу үчүн кардарларга бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү, төлөмдөрдү кабыл алуу боюнча банктык жана төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү максатында өзгөртүүлөр киргизилген, алар КР аймагында QR-коддорун унификациялоого жана аларды бирдиктүү улуттук стандартка ылайык келтирүүгө багытталган.
Мындай төлөм каражаттарын андан ары өнүктүрүү үчүн кандай иштерди аткаруу зарыл?
2022-жылдын аягына карата Улуттук банк «Банктар аралык процессинг» ЖАК (өз ара иш алып баруу оператору), банктар жана төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары менен биргеликте бир топ иштерди аткарды. Төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо боюнча иш-чаралар аяктады жана QR-коддору аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү үчүн бирдиктүү төлөм мейкиндиги түзүлдү, бул калкка төлөм системаларынын ар кандай катышуучуларынын QR-коддорун колдонуу менен төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.
Бул төлөм QR-коддорун каалаган төлөм системасынын катышуучусунун (банктын же төлөм уюмунун) тиркемеси аркылуу окууга болорун билдирет, бул сатуучуга төлөм системасынын жеке катышуучусуна төлөм QR-кодун берүү же бир нече төлөм системасына ээ болуу зарылдыгын жокко чыгарат. Же болбосо, у ар кандай катышуучунун QR-коддору менен төлөө үчүн тиркемелерге ээ болуу.
Башкача айтканда, каалаган банктын же төлөм уюмунун мобилдик тиркемесин (банктык эсеп, төлөм картасы же электрондук капчык ачылган) колдонуу менен сатып алуучу каалаган банктын же төлөм уюмунун QR-кодун окуп, товарга, жумуштар жана кызматтарга төлөм жүргүзө алат.
Бүгүнкү күндө соода жана тейлөө ишканаларында банктык карталар, электрондук капчыктар жана агент мобилдик тиркемелери аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүдө системалар аралык интеграцияны камсыз кылган 5 218 QR-код орнотулду. Ошондой эле, QR-коддор республика боюнча улуттук стандартка жооп берген калкты тейлөө борборлоруна орнотулган.
Алсак, 2022-жылдын июнун айынан 31-декабры аралыгында Өз ара иш алып баруу оператору системасы аркылуу жалпы суммасы 12.1 млн сомду түзгөн 7 800 накталай эмес төлөмдөр QR-кодун колдонуу менен жүргүзүлгөн.