2022-жылы Бажыдан түшкөн кошумча кирешелер 345.8 млн сомго көбөйүп, 589.4 млн сомду түздү. Бул тууралуу Бажынын маалымат кызматы билдрди.
Ошондой эле мекеме 2022-жылы контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан бажы мыйзамдары жаатындагы укук бузуулардын жана кылмыштардын 3802 фактысы аныкталган.
Мисалга алсак:
- дээрлик 3.5 миллион тамеки кармалды;
- 25.7 тонна кальян тамекиси;
- 22.4 тонна чайноочу тамекинин жана башка тамеки буюмдарынын компоненттери;
- алкоголдук продукцияга 1 миллиондон ашык жасалма акциздик маркалар;
- ошондой эле жалпы суммасы 73.5 млн сомдук зер буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү боюнча 11 фактыга бөгөт коюлган.
Жалпысынан:
- 3547 кылмыш иши ачылган;
- кылмыш белгилери боюнча кароого 255 материал киргизилген.