Өзбекстан менен маалымат алмашуу порталын колдонуу аркылуу товарлардын тариздөөсүнө мониторинг жүргүзүүдө аткезчилик менен «санитардык-гигиеналык кагаз» (чийки зат) товарлары алынып келингендигин аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «А» ишканасы ЕАЭБдин КР бажы аймагында бажылык тариздөөдөн өтүп жаткан учурда Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик бажы комитетинин экспорттук декларацияларында көрсөтүлгөн жалган маалыматтарды бергени аныкталган.
«ЕАЭБдин бажы мыйзамдарынын талаптарын аткарбоо менен мүнөздөлгөн укук бузуулар болгондугуна байланыштуу КР бюджетине туумдарды кошкондо 5.9 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген», — деп кызмат белгиледи.