Чет элдиктер жана компаниялар пансионаттарга ээ болуп, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жерлерди убактылуу пайдалана алууга мүмкүн болот. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Демилгечилер – депутаттар Балбак Түлөбаев, Бактыбек Сыдыков, Элмурза Сатыбалдиев. Долбоорго ылайык, Жер кодексине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилет:
«Чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга, калктуу конуштардан тышкары жерлерде эс алуу жайлары үчүн пайдаланылган жер участоктору КР мыйзамдарына ылайык жалпы негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилиши мүмкүн».
Негиздемеде бул мыйзам долбоорунун кабыл алынышы чет элдик субъекттерге Кыргызстандын бүткүл аймагында туризм тармагына инвестиция салууга мүмкүндүк берери белгиленген.