Улуттук банк эсептик ченди (негизги ченди) 13% деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу КРУБын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.
Анын айтымында, КР инфляция салыштырмалуу бир калыпта сакталып турат жана акыркы айлардагы негизги тенденцияларды чагылдырат. 2023-жылдын башынан тартып керектөө баалары 2.8% өсүп (17-февралга карата абал боюнча), инфляция жылдык мааниде 15.9%түзгөн.
«Учурдагы инфляция жашылча, жемиштерге баалардын сезон боюнча жогорулашын, ошондой эле инфляцияга мурда таасирин тийгизген факторлордун инфляцияга экинчи жолу таасирин тийгизүүсү улантып жаткандыгын көрсөтөт. Дүйнөлүк товардык-чийки зат рынокторундагы баалардын өзгөрүлүп туруусу, бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы мурдагыдай эле инфляцияны шарттаган факторлордон болууда», — деп Карабаева белгиледи.
Улуттук банк тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар акча жана валюта рынокторундагы кырдаалды салыштырмалуу туруктуу кармап турууга өбөлгө түзүүдө. Финансы-банк системасында туруктуулук сакталып турат. Банк системасы улуттук валютада ликвиддүүлүктүн жетиштүү көлөмүнө ээ.