Тюмендин туристтик ишканаларына «Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» презентациясы өткөрүлдү

Тюмендин туристтик ишканаларына «Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» презентациясы өткөрүлдү

2023-жылдын 27-февралында Тюмень шаардык администрациясынын көмөгү менен Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу аймактагы бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Башкы консулдуктун кызматкерлери Тюмень облусундагы туристтик компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө «Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» деген темада презентация өткөрдү. Жолугушуунун катышуучуларына жарнамалык буклеттер жана өлкөбүздүн туристтик жерлери боюнча колдонмолор таратылды

Берилген маалыматтар жолугушуунун катышуучуларынын кызыгуусун жаратты. Тюмендик бизнес-чөйрөлөр ишкердик кызматташуу боюнча өз сунуштарын айтышты.

Жолугушуулардын жыйынтыгында жогоруда аталган багыттар боюнча кыргызстандык жана тюмендик ишкерлер менен туристтик компаниялардын ортосунда кызматташууну түзүү макулдашылды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Тюмендин туристтик ишканаларына «Кыргызстан – туризмдин өлкөсү» презентациясы өткөрүлдү 28 февраля 2023 г.    15:00
Өзбекстандан аткезчилик менен кагаз алып келген ишкана аныкталды – зыян 6 млн сомду түздү 28 февраля 2023 г.    14:30
Улуттук банктын алтын запасы 46 тоннадан ашат 28 февраля 2023 г.    14:00
Ысык-Көлдө чет элдиктерге пансионаттарга ээлик кылууга мүмкүн талкууланат 28 февраля 2023 г.    13:30
Apollo Resources жана «Центр Азия Метал» компаниялары Кыргызстанга 158 млн сом төлөп берди — Бөлтүрүктүн жактоочусу 28 февраля 2023 г.    13:00
Менчиктештирилген бала бакчалар кайрадан Билим берүү министрлигинине өтөт 28 февраля 2023 г.    12:30
Лейлекте дизелдин акциздик салыгын төмөндөткөн салык кызматкери кармалды 28 февраля 2023 г.    12:00
Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн 73.8 млн сом чогулду 28 февраля 2023 г.    11:30
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери