Менчиктештирилген бала бакчалар кайрадан Билим берүү министрлигинине өтөт

Менчиктештирилген бала бакчалар кайрадан Билим берүү министрлигинине өтөт

Бала бакча имараттары үч айдын ичинде профилин өзгөртүп, бала бакча болуп иштей баштабаса, Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусуна өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. 

Анын айтымында, бала бакчалар бала бакчадай иштеши керек.

«Буга чейин 169 бала бакча менчиктештирилип, учурда алар башка максатта колдонулуп жатат. Алардын ишмердүүлүгүн талдоо зарыл. Эгерде алар 3 айдын ичинде профилин өзгөртүп, бала бакча болуп иштей баштабаса, Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруусуна өтөт. Бала бакчалар бала бакчадай иштеши керек. Учурда мамлекеттик мекемелер ээлеп турган жайлар бала бакчалар үчүн бошотулат», — деп белгиледи Жапаров.

Минкабдын башчысы белгилегендей, статистика боюнча республикада 7 жашка чейинки 1 млн 107 миңден ашык бала жашайт. Жалпысынан республика боюнча 1712 бала бакча бар, аларга 199 миңден ашык бала барат. 

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери