Лейлекте дизелдин акциздик салыгын төмөндөткөн салык кызматкери кармалды

Лейлекте дизелдин акциздик салыгын төмөндөткөн салык  кызматкери кармалды

УКМК кызматкерлери Лейлектеги салык инспекторунун кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктап кармашты. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал пландуу көчмө салыктык текшерүү учурунда кызматтын кызыкчылыктарына жана салык мыйзамдарына карама-каршы келген, «Э.О.» ЖЧКга өзгөчө ири өлчөмдө өлкөнүн бюджетине түшүүчү салыктарынын көлөмүн азайтууга көмөктөшкөн.

«Башкы салык инспектор Т.Б. «Э.О.» ЖЧКсын текшерүү учурунда кышкы дизелдик күйүүчү майга Салык кодексинде белгиленген акциздик салыктын ставкаларын эске албай, 1 тоннасына 5 000 сомдун ордуна 400 сом көрсөткөн, натыйжада өлкөнүн бюджетине өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп кызмат белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын 27-февралында жогоруда аталган кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын Лейлек району боюнча башкармалыгынын карызды өндүрүү жана текшерүү бөлүмүнүн башкы салык инспектору Т.Б. кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери