«Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы тышкы менеджери Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров президент Садыр Жапаровго ачык кат жазды. Анда Бөлтүрүктүн иши боюнча эки компания 158 млн сомго жакын төлөгөн деп айтылат.
Абакиров президенттин командасында Кумтөр маселесин чечүүгө салым кошкон КГКнын мурдагы тышкы менеджери кармалгандан бери беш ай өткөнүн эске салды.
«Белгилей кетсек, учурда кылмыш иши КР Башкы прокуратурасы тарабынан тыкыр иликтенип жатат жана учурда казакстандык Apollo Resources компаниясы 137.5 млн сом, ошондой эле «Центр Азия Метал» компаниясынан 20 млн сом төлөгөн. Жакында бул жаатта дагы жаңылыктар болот», — деп жазган Абакиров.