Жаш ишкерлер Youth CUP аркылуу долбоорлорун өнүктүрүү үчүн $10 миң алууга мүмкүнү бар

Жаш ишкерлер Youth CUP аркылуу долбоорлорун өнүктүрүү үчүн $10 миң алууга мүмкүнү бар

Бишкекте жаштар үчүн акысыз Youth CUP бизнес-инкубация программасы ачылат. Бул тууралуу Accelerate Prosperity бизнес акселератору билдирди.

Расмий эмес ачылышта (нөл-жума) долбоор боюнча Accelerate Prosperity жана Кыргыз патенттин өкүлдөрү айтып берет.Мыкты долбоорлор идеясын өнүктүрүү үчүн $10 миң инвестиция алууга мүмкүнү бар.

Тажрыйбалуу ишкерлер жаштар менен баарлашып, алардын ийгиликтеринин сырлары менен бөлүшөт. Ошондой эле, расмий эмес ачылыштын аягында катышуучулар өлкөгө кеңири белгилүү болгон AP портфолио компаниясы Кыргыз органиктин кулинардык адистери менен панини даярдоо боюнча мастер-класска катышат.

Программа акысыз, 8 жумага каралган жана онлайн режиминде өткөрүлөт. Долбоорго 29 жашка чейинки жарандар катыша алат. Алдын ала инкубацияга катышуу үчүн юридикалык каттоо, патент же күбөлүк талап кылынбайт.

Иш чара 6-мартта саат: 10:00, Бишкектеги Инновация борборунда башталат (Эркиндик 58а). Суроолор боюнча +996 990 935 008 кайрылса болот.

Долбоор Ага Хан өнүктүрүү тармагынын (AKDN) демилгеси жана Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШнын агенттиги (USAID) тарабынан каржыланат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери