Садыр Жапаров мектептерде акча талап кылууну токтотууга чакырды

Садыр Жапаров мектептерде акча талап кылууну токтотууга чакырды

Президент Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучусу Каныбек Иманалиевге мектептердеги ата-энелерден мектептердин муктаждыгы үчүн акча чогултууну токтотууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Президенттин айтымында, министр ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класстарга керектүү буюмдарды: бор, чака жана башка нерселерди сатып алууга акча чогултпоонун алдын алуу боюнча иш алып барышы керек.

Бул максаттарга республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери