Почта аркылуу баңгизат таашыган каналдын ишмердүүлүгү жоюлду

Почта аркылуу баңгизат таашыган каналдын ишмердүүлүгү жоюлду

«Манас» бажысынын кызматкерлери марихуана ташыган трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка жараша «Манас» бажысынын кызматкерлери ИИМ жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте эл аралык почта компаниясы аркылуу АКШдан «марихуана» баңгизатын жеткирген туруктуу каналды түзгөн трансулуттар аралык топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту жана жок кылышты.

«Табылган «марихуана» баңгизатынын жалпы салмагы 2 кг 99 граммды түзгөн. Мындан тышкары, батирде тинтүү жүргүзүлүп, андан ары жашыруу үчүн баңги заттары жана маскировка каражаттары алынган», — деп маалыматта белгиленген.

Натыйжада Telegram аркылуу саткан каналдын юштуруучулары КР жарандары «И.А.» жана «А.А.» кармалган.

Учурда бул иш боюнча бардык материалдар ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилип, тергөө амалдары иш- аракеттери жатат.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери