2022-жылы мамлекеттик органдар тарабынан санариптештирүү долбоорлоруна каралган 500 млн сомдун 311.6 млн сом же 64% өздөштүрүлгөн. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маселени «Санариптик экономика» жыйын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү билдирди. Мындан тышкары, мамлекеттик органдар тарабынан мурда бөлүнгөн финансылык каражаттарды өздөштүрүү боюнча көйгөйлөр талкууланды.
Кеңешменин жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдарга каржылоону бөлүштүрүү тартиби боюнча документтерди даярдоону, анын ичинде маалыматтык системаларды түзүү үчүн техникалык шарттарды өз убагында иштеп чыгууну, жеке системаларды башка маалыматтык системаларга интеграциялоо маселесине жоопкерчиликтүү мамиле кылууну, бөлүнгөн финансылык каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдаланууну тапшырды.