Бүгүнкү күндө 607 миң 118 салык төлөөчү салыктык кызматтарды онлайн пайдаланууда, анын ичинде 536 миң 578 жеке жак, 70 миң 540 юридикалык жак. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.
2022-жылы 235 миң 72 салык төлөөчү «Салык төлөөчүнүн жеке кабинети» сервисин пайдаланууга өттү.
Мындан тышкары 64 миң 599 салык төлөөчү электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен отчетторду беришүүдө.