Минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрь күндөрү орун алган каргашалуу окуя учурунда курман болгон ишкер Матиса Надыровдун тоок фермасына барды. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, тоок ферма Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Ак-Сай айылында жайгашкан. Фермадагы чыгым ошол учурда 40 млн сом деп бааланган.
Министрлер кабинетинин чечими менен тоок ферманын каза болгон ээсинин 9 млн сом насыясы жоюлган болчу. Ал эми, анын уулу Адилет Абдувалиевге тоок ферманы кайра калыбына келтирүү үчүн жабдууларды алууга 30 млн сом жеңилдетилген насыя берилген.